Күйөө бала
С.Ахмаддын «Күйөө бала» пьесасы боюнча коюлган спектакль театрдын сахнасында көп жылдан бери коюлуп келе жатат. Анын бирден бир себеби спектаклдин маанай көтөргөн комедия жанрында болгондугу. Өзбек элинин менталитети,салт-саанасы жана эмгекчилдигин даңазалаган спектакль азыркы күндө да өз популярдуулугун жоготпой келет. Спектаклдин негизги өзөгү адам баласы канча бала-чакалуу болбосун баары бир жан шериги болбосо жалгыздыктын азабын тартаарын, «түтүнү бөлөктүн түйшүгү бөлөк» дегендей, ар үй-бүлөнүн өз түйшүгү бар экендигин баяндайт. Башкы каармандын карыган кезде келин-уул, кыз-күйөөгө айта албай, жалгыздыктын запкы тарткан трагедиясы комедия жанры менен көрүүчүлөргө таасын чагылдырылат.
Рассказать друзьям
Не хватает информации? Напишите нам, мы добавим!
Рекомендуем также:

Бэтмен 2 (2026)

Мажор в Дубае (2025)

Каратэ-пацан: Легенды (2025)