Ак кеме
«Ак кеме» – актыктын, тазалыктын, келечектин символу. Спектаклде чыгармадагы берилген негизги ой толук сакталып, өзүмчүлдүк, адилетсиздик, уятсыздык, мансапкорлук, жанбактылык, кайдыгерлик, алсыздык, көз карандылык, басынтуучулуктун уюгу болгон Кардончулардын жексур чөйрөсүндө заманасы куурулган Баланын арманы.
Спектаклде кандай гана проблема көтөрүлбөсүн, ал ыйман, абийир маселесин курч берип турат, ошондой эле спектакль жаңыча көз караш менен көрсөтүлүп, Ч.Айтматовдун бардык чыгармаларында камтылган «адам уулу канткенде адам бойдон калат?» – деген негизги проблемасын жана жазуучунун башка чыгармаларындагы негизги каармандардын тагдырын да камтып турат.
Рассказать друзьям
Не хватает информации? Напишите нам, мы добавим!