97 человек интересовались событиями этого объекта за последний час.

Ш.Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театры

Продажи на репертуар театра скоро откроются.

Театрдын дареги: Бишкек шаары, Чүй проспекти, 184

Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театры (ЧОТ) эл депутаттарынын Чүй облустук Кеңешинин 1991-жылдын 3-декабрындагы №157- чечими менен түзүлгөн.Театрдын Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри бекиткен Уставы 2023-жылы 4-августта КРнын юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгында мамлекеттик каттоодон кайрадан өткөн. Азыр театр “Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалуу драма жана сатира театры” деп аталат.

32 жылдын аралыгында театр ар кыл жанрдагы 45тен ашуу спектакль койгон, ошондой эле республикалык, облустук ири оюн-зоок иш-чараларга жигердүү катышкан. Театрда өз учурунда Болот Бейшеналиев, Орозбек Кутманалиев, Акылбек Абдыкалыков, Гулаим Каниметова,  Марат Алышпаев сыяктуу таанымал эл артистери иштеп кеткен.

Бүгүнкү күндө театрдын эмгек жамаатында кырктан ашуун чыгармачыл адамдар, театр адистери, кызматкерлер эмгектенишет. Алардын арасында 1 республиканын эл артисти, 1 республиканын эмгек сиңирген артисти, 1 республиканын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, андан сырткары республикалык жана эл аралык сыйлыктардын лауреаттары бар. Театрдын артисттери көптөгөн эл аралык, республикалык театр фестивалдарына катышып,  алардын кадыр-барктуу сыйлыктары менен байгелерине арзышкан.

Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын тапшырмасы менен Ш. Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира тетрынын балансына Бишкек шаарынын Чүй кең көчөсүнүн 184 дарегинде жайгашкан “Октябрь” кинотетры өткөрүлүп берилген. 

Театрдын биринчи директору –КРнын эл артисти Марат Алышпаев, биринчи режиссёру –Бектен Абдылдаев.  Андан кийин театрга Акылбек Абдыкалыков, Орозбек Айдаров, Азамат Болгонбаев жетекчилик кылышкан.  Учурда театрдын директору  –Жумакадыр Курмангалиев.  Көркөм жетекчиси –Оросбек Айдаров.

Все изображения, используемые в качестве иллюстраций к данной публикации, взяты из открытых интернет-источников: 2GIS