Коркут Ата
Бул- тогузунчу кылымда жашаган даңазалуу кыл кыякчы, дастанчы күүчү Коркут ата жөнүндөгү спектакль. Ал,түрк тилдүү-түркмөн , азербайжан,казак, өзбек, түрк ж.б элдердин арасында кеңири тарап, уламышка айланган инсан. Коркут ата, кыргыз элинин: «Күүнүн башы Камбаркан» деген сыяктуу, алгач комуз жасап күү черткен Камбар атадай эле, өзү жасаган кыл кыягы менен тарыхта калгандыгы белгилүү. Анын руханий жашоо-турмушу, түбөлүктүүлүк тууралуу философиялык ой-толгоолору күүлөрүндө, ырлары , дастандарына кылымдар бою жаңырып келген . Спектаклде, анын чыгармалары кантип жаралып, уккан элдердин эсинде кантип түбөлүк өчпөс болуп калгандыгы, анын чыгармачылык изденүүгө толгон татаал жашоосу баяндалат.
Рассказать друзьям
Не хватает информации? Напишите нам, мы добавим!
Рекомендуем также:
Шерлок Холмс 3
Шерлок Холмс 3
Волшебник Изумрудного города ...
Волшебник Изумрудного города ...