ticketon logoticketon logoticketon logoticketon logoticketon logo
Очистить
Отмена
Поиск
Усть-Каменогорск
ticketon cabinet
Войти
ЯзыкРус
контакты
Т. Абдумомунов «Карагул ботом»

Т. Абдумомунов «Карагул ботом»

Описание

КР эл жазуучусу, белгилүү драматург Т.Абдумомуновдун 100 жылдыгына арналып коюлган анын Карагул ботом притчасы тээ бир байыркы жоокер заманда уруулар уруу менен чабышып, ат үстүндө эрлер өлүп, бешенеге жазылса, бешиктеги балдар өлгөн коогалаң доордо жашаган элдин турмушу, ошол доордо бир урууну жалгыз баккан Карыпбай атуу көзгө атар мергенчинин тагдыры, сүйүүсү, трагедиясы, артымдан туяк калтырам деп тарткан азабы, муң-кайгысы тууралуу баяндалат.

Карыпбайдын эки уулу доодо, эки уулу жоодо өлүп кабыргасы кайышат. Канаттары кыркылып, каңгырап жалгыз калган мергенчи алтымышка таяганда Карагул аттуу уулдуу болуп, карыганда көргөн жалгызын кесепет-кырсыктан сактайм, тукумумду улачу тумарым болсун деп, элден безип, тоо арасын түнөк кылып, көчүп кетет.

Коюучу топ:

Балетмейстер Ж.Исакова

Поэтикалык текст Н.Рыскул кызы

Костюм боюнча сүрөтчү З.Мукамбетова

Режиссердун ассистенти Д.Жанжигитов, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты

Ролдордо:

Карагул С.Калыбек уулу, арт.

Карыпбай А.Болорбек уулу, арт.

Сырга А.Кыйыкбаева, КР эмгек сиңирген артисти

Шаа мүйүз Г.Каниметова, КР эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, К.Сейдалиева, КР эл артисти

Сынык мүйүз КР эл артисттери Ж.Сыдыкбаева, А.Назаркулова

1-улак Ө.Израилов, арт.

2-улак А.Шерикул уулу, арт.

3-улак Ж.Талантбек уулу, арт.

4-улак Ж.Касейинов, арт

Читать полностью
  • Өтчү жери

    Бишкек ш., Абдумомунов көч., 230, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры

  • Режиссер-коюучу

    Н.Мендебаиров, КР эмгек сиңирген артисти

  • Сүрөтчү коюучу

    С.Ниязакунов

  • Музыкалаштырган

    Ы.Усманов

  • Режиссердун жардамчысы

    Э.Жумалиева

  • Жанр

    спектакль

Поделиться:

Расписание
  • Дата
    Место
    Зона
    Взрослым
    Детям
  • 19
    июня
    ср
    Кыргызский национальный академический драматический театр имени Токтоболота Абдумомунова
    Зал
    от 300
    от 300