«Бейтааныш»
Катуу ооруп жаткан эркектин палатасына Бейтааныш адам келет… Ал таң калаарлыктай өтүнүч менен келет... Түрк драматургу Тунджер Жуженоглунун пьесасынын негизинде жаратылган спектакль дал ушундай башталат. Спектаклде Өлүм менен Өмүрдүн, Сүйүү менен Кумарлыктын, Берилгендик менен Үмүтсүздүктүн бүтпөгөн улуу талашы тууралуу кеп козголот. Өлүм деген эмне? А балким бул тирүүлөр үчүн кандайдыр бир жөнөкөй эле «Лакмус кагазы» болуп жүрбөсүн?
Катышкандар:
Ж. Көчөрбаева КР эл артисти
А. Кыйыкбаева КР эмгек сиңирген артисти
А. Болорбек уулу,
А. Карагулов,
А. Качкынбаев
Достармен бөліс
Не хватает информации? Напишите нам, мы добавим!